автордың кітабын онлайн тегін оқу Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек
Папан Эргешович Дүйшөнбаев
Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан
Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек
Шрифты предоставлены компанией «ПараТайп»
Редактор Жылдыз Бакашова
Корректор Назым Дүйшөнбаев
© Папан Эргешович Дүйшөнбаев, 2025
Эмгектин 1-бөлүгүндө 1920-жылдардын башталышындагы Орто Азиядагы, Кыргызстандагы саясый процесстер топтук күрөштөрдүн, 1922-жылы Кара-Кыргыз Тоолуу облусун, анан ККАОну түзүү аракеттеринин тутумдарынан талданат. 1-бөлүк негизинен профессор Ж.К.Бакашова менен бирге жазылган.
2-бөлүк Кыргыз ССРинин биринчи жетекчилеринин аткарган иштерине арналган.
3-бөлүккө тарых, мамлекеттик тил боюнча макалалар киргизилди.
4-бөлүктө улуттук идея, идеологиянын көйгөйлөрү талданат.
ISBN 978-5-0065-8174-6
Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero
Оглавление
1-Бөлүк.
Мамлекеттигибизди кайра жараткандар
Күтүлбөгөн улуу шанс
Ретрореспективалык саресеп
Мында темага киришүүдөн мурда элибиздин көөнө тарыхына бир аз чегинүү жасап, Кара-Кыргыз Автономдуу облусунун түзүлүүсүнүн алдындагы аймактагы геосаясый, социалдык жана демографиялык жагдайларга саресеп сала кетүү керек деп ойлойбуз. Андан кабардар болмоюнча 1921-1925-жылдардагы саясый абалды, моралдык, психологиялык кырдаалды түшүнүү кыйын.
Кыргыздар өзүнүн 30 кылымга жакын көөнө тарыхында бир нече ирет өз алдынча мамлекет түзүп, толук көз карандысыздыкка ээ болушса, көбүнчө башка мамлекеттик түзүмдөрдүн курамында болуп келишкен. Акыркы убактарда Кытайдын архивдеринен кыргыздар жөнүндө Сыма Сяндын жазмаларынан 7—8 кылым мурдагы материалдар табылганы жөнүндө маалымдалууда, бирок алар жарыяланып, элдин энчисине айланып, коомдук аң сезимибизге кире элек. Мында колдогуларга гана таянып айтсак, кыргыздар байыркы мезгилдерден Улуу Октябрь революциясына чейин төрт жолу мамлекеттигин, анын ичинде 840-924-жылдарда Улуу кыргыз державасын түзүшкөн. Көкүм бий менен Эшим хан (ХV11 кылымдын башында), Сибирдеги кыргыздардан Көчүбей бек (ХV11 кылымдын 30-жылдарынын аягы), Эренек Ишей уулу (ХV11 кылымдын 60-80-жылдары), Ала-Тоолук кыргыздардан Акбото бий, Кубат бий, Ажы бий, Атаке баатыр, Тайлак баатыр, Ормон хан, Алымбек датка, Курманжан датка (1:46—64 бб.) ж. б. дагы бир катар бийлер, баатырлар, даткалар башкарган аймактарда да мамлекеттиктин айрым белгилери болгон менен аларды классикалык формадагы мамлекет катары эсептегенге болбойт. Калган мезгилдерде кыргыздар Даван, Усун, Жужань, Караханид, Монгол, Чагатай, Хайду, Моголистан, Кокон ж. б. мамлекеттеринин курамында болушкан.
Гунндар, усундар түрк тилдүүлөрдөн болгону тарыхта такталган. Чынгыз хандын жоокерлеринин басымдуу көпчүлүгүн түрк тилдүүлөр түзгөн, демек, алардын арасында кыргыздар да болгон. Караханид, Чагатай, Хайду, Моголистан мамлекеттеринин калктарынын сезилерлик бөлүгүн кыргыздар түзгөн. Захреддин Бабурдун жекече турмушунда, аскердик иштеринде кыргыздар чоң роль ойногонун ал өзүнүн негизги китебинде бир нече жолу белгилеген (2:86, 91, 131 ж. б.). Ал Ош, Аксыкенти шаарларын, алардын айланасындагы жаратылыш байлыктарын, өзүнө чоң жардам берген Ибраим Саруу, Акмат Кушчу, азыркы Кербендеги Кадырберди, Камбаралы, Сейит Жусуп улакчы деген кыргыздарды, комузду жылуу маанайда эскерген.
Бирок, саясый, укуктук жана территориялык, мурастык түз байланыш болбогондуктан алардын баары биз үчүн практикалык маанисин жоготуп, абстракцияланган түшүнүккө айланып, үзүлмө-кесилме тарыхтын энчисинде калды. Биздин азыркы мамлекеттигибиздин башаты, идеялары биздин заманга чейинки мезгилдерде башталган менен анын жаңыча тарыхый шарттарда жаңы формага ээ болуп, жаңы мазмунда өнүгө баштоосуна Улуу Октябрь социалисттик революциясы жол ачты. Советтик мезгилде Улуу Октябрь революциясы, анын жол башчысы Ленин аткан таңга, күнгө, нурга ж. б. теңелип айтылып, ырдалып, жазылып, тартылып, сыпатталып келди. Бул жагынан бири-биринен озуп, баркталып даңкталуу үчүн акындар, жазуучулар, жалпы эле жазмакерлер, тартмакерлер, айтмакерлер, саясатчылар, илимпоздор ж. б. кандай гана жарышпады! Биз үчүн азыр алар тарыхка айланган менен андай сыпаттап сүрөттөөлөр кеңири алкактан жана тарыхый ретрореспективадан, ошол мезгилдин тутумунан алганда көп жагынан чындыкка жакын болгонун моюнга алуу керек.
Биринчиден, кыргыздар 1916-жылдагы геноцидден кийин 25—30 пайызга азайса, экинчи жагынан алганда, ал убакта падышалык Россиянын ассимиляциялык саясатынан улам этнос катары жок болуп кетүү стадиясына жакындап бараткан. Кыргыздар аймактык-административдик, маданий, тилдик жактан бирикпей, бири-бирине баш ийбеген, башка этностордун өкүлдөрү сандык, маданий жактан үстөмдүк кылган облустарда кала берсе, сөзсүз кыпчак, төөлөс, коңурат, найман сыяктуу ж. б. элдерге окшоп, ассимиляцияланып жок болмок.
Тарыхый булактардан кыргыздардын Х1Х кылымдын аягынан тартып (ага чейин статмаалыматтар болгон эмес) азая баштаганы байкалат. Алсак, ХХ кылымдын башталышындагы айрым булактарда кыргыздардын саны 1, 4 миллионго жакын деп айтылса, 1913-жылы 900 миңдей деп көрсөтүлөт. Ал эми Октябрь революциясынын алгачкы жылдарында Түркстан АССРинде 809524 кара кыргыз жашаганы, ал аймактын жалпы калкынын 13, 5 пайызын түзгөнү келтирилет. Бирок, жогоруда айтылгандай, алардын мамлекеттиги түгүл бирдиктүү вертикалдык саясый административдик жана маданий түзүмү болгон эмес. Кыргыздар компактуу жашаган Кожент уездине кирген айыл-кыштактар- Самарканд облусуна, Ташкент уездиндегилер — Сыр-Дарыя облусуна, Ош, Анжиан, Кокон, Наманган, Фергана уезддериндеги жана Памир районундагы кыргыздар- Фергана облусуна, Пишпек, Каракол, Нарын уездиндегилер — Жети-Суу облусуна караган (3:119). Ар кандай аймактарда жашаган кыргыздардын ортосунда туруктуу горизонталдык да байланыш болбогондуктан тилдеринде, маданиятында, каада-салттарында жана ырым жырымдарында ажырымдар тереңдеп, башка этностордон киргендер, оошкондор, ошол эле мезгилде кошуна өзбектерге, тажиктерге, казактарга сиңишкендер барган сайын көбөйүп, кыргыз этносундагылар бири-биринен алыстап, азайып баратышкан. Ал тилдик жактан кыргыз этносуна сезилерлик терс таасирин тийгизбеген менен (диалектилер баардык этностордун тилдеринде бар) менталитеттик, каада салттык жактан жиктенүүлөрдү жаратып, ал барган сайын тереңдей берген. Тарыхчы Ж. Жунушалиев туура белгилегендей, ошондон улам Кыргызстандын түштүгүнүн айрым аймактарындагы кыргыздар «чала сарт», түндүгүнүн айрым айылдарындагылар «чала казак» деп атала баштаган (24:350). Ага бир мисал, советтик мезгилде Наманган облусунун Жаңы-Коргон районунун Аксы району менен чектешкен Нанай айылдык кеңешинде Чала-Сарт деген айыл бар болчу. Ал жердеги кыргыздардын баары өзбекче чалып сүйлөшкөндуктөн ошентип атала турган.
Кайра куруу башталганга чейин Ош, Баткен облустарынын чектеш айылдарында жашагандардын айрым эркектери өзбек топу, чепкен кийишсе, аялдарынын кийимдери Анжиан менен Ферганада жашагандардан айрымаланбай тургандыгын көрүп эле жүрдүк. Азыр Өзбекстанда жашаган кыргыздардын менталитети жана каада-салттары Кыргызстанда жашагандарга салыштырганда кескин өзгөчөлөнүп турат. Бир республикада жашап жатканыбызга бир кылым болгон менен андай менталдык айрымачылыктар республикабыздын түштүгү менен түндүгүнүн ортосунда гана эмес, Баткен, Ош облустарында жашагандар менен Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунун, Таластыктар менен Ысык-Көлдүктөрдүн ортолорунда азыр деле бар. Ал республикабыздын ар аймактарында жашагандардын өз ара түшүнүшүнө, куда-сөөктүк, жоро-жолдоштук мамилелерине, карым катнаштарына белгилүү деңгээлде азыр деле терс тийгизип, психологиялык, саясый, маданий жана каада-салттык жактардан дискомфорттук кырдаалдарды жарата коюп жатканы эч кимге жашыруун эмес.
Жаңы түзүлгөн же көп кылымдардан кийин мамлекеттиги кайра калыбына келтирилген элдердин баардыгында эле алгач андай көрүнүштөр болот, адатта аны узакка созулган ички миграциялык, интеграциялык процесстер, мамлекеттин маданий, тилдик күчтүү саясаты гана биротоло бир калыпка салат. Биз үчүн андай бириндеп, ар элге сиңип бараткан кыргыздарды бир административдик-аймактык түзүмгө бириктирип, иденттүүлүгүн ошол мезгилдеги шартка жараша бекемдеп, жаңы саясый, маданий реалийлердин тутумунда өнүгүүсүнө жол ачкан Улуу Октябрь революциясы, андан кийин Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшү болгону талашсыз. Падышалык Россиянын жетекчилеринде Түркстанды экономикалык, социалдык жана маданий жактан өнүктүрүп, элине заманбап билим берүү планы болгон эмес. Аны Түркстандын акыркы генерал-губернатору А. Н. Куропаткин: «50 лет мы держали туземцев в стороне от развития, в стороне от школы и русской жизни» (13:162) деп мойнуна алган.
В. И. Ленин падышалык Россиянын аймагында, анын ичинде Борбордук Азияда кандай элдер жашаганын толук билгенин ырастаган ынанымдуу фактылар жок. Бирок, ал Улуу Октябрь Революциясы ишке ашары менен падышалык Россиянын аймагында жашаган этностордун баарын великоросстук шовинизмдин чеңгелинен чыгарып, өз алдынчалыкка ээ кылып, өз тилдерин, маданияттарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү максат кылганын фактылар ырастайт. Анын максаты: чоң этносторго-республикаларды, андан чакандарына-автономияларды, сандык жактан өтө эле аздарына- коммуналарды түзүүгө мүмкүндүк берүү болгон. Ал географиялык шарттары бар республикаларга, автономияларга Союздан өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүп чыгып кетүү укугуна чейин берүүнү чын дилинен жактаса, анын айрым шакирттери (Каменев) бөлүнүп чыгып кетүү укугу формалдуу түрдө гана болушу керек, республика, автономия деген түшүнүктөрдү саясый жактан эмес, маданий, тилдик өңүттөрдөн гана кароо керек деген позицияны тутунушкан. Убагында РКП (б) БКнын Генералдык катчысы, совет Өкмөтүнүн улуттардын иштери боюнча эл комиссары И. Сталин майда этностордун өз алдынчалыктары боюнча «маданий-улуттук автономия» деген түшүнүктү сунуш кылган, бирок В. И. Лениндин каршылыгынан улам андан баш тартууга аргасыз болгон. Буларга төмөнүрөөктө токтолобуз, мында В. И. Лениндин СССРди түзүү алдындагы улуттук маселелер боюнча принциптерине көңүлүңүздөрдү бургубуз келет. Анын биринчи принциби: жаңыдан түзүлгөн республикалардын Союздан биротоло бөлүнүп чыгып кетүүгө чейин реалдуу укугу болушу керек. Экинчиси, башка элдерди великоросстук шовинизмден коргоо зарыл. «При таких условиях очень естественно, что „свобода выхода из союза“, которой мы оправдываем себя, окажется пустою бумажкой, неспособной защитить российских инородцев от нашествия того истинно русского человека, великоросского-шовиниста, в сущности, подлеца и насильника, каким является типичный русский бюрократ-деген ал СССРди түзүүнүн алдындагы запискасында. … приняли ли мы с достаточной заботливостью меры, чтобы действительно защитит инородцев от истинно русского держиморды? Я думаю, что мы этих мер не приняли, хотя могли и должны были принять» (4:374). Ал эми экинчи запискасында улутчулдукка келгенде: башкаларды эзген чоң улуттардын улутчулдугу менен эзилген майда элдердин улутчулдугун ажырата билүүнү, экинчисине караганда биринчиси зыяндуу экенин белгилеп, майда элдердин улутчулдугуна этияттыкта түшүнүү менен мамиле жасоону талап кылган. «… в данном случае лучше пересолить в сторону уступчивости и мягкости к национальным меньшинствам, чем недосолить» (4:376—377). Майда элдердин тилдерин өз аймактарында колдонуусун камсыз кылууга келгенде анын талабы жогорудагыдан да катуу категориялуу түрдө болгон. «Надо ввести строжайшие правила относительно употребления национального языка в инонациональных республиках, входящих в наш союз, и проверить эти правила особенно тщательно. Нет сомнения, что под предлогом единства железнодорожной службы, под предлогом фискального и и. т. п. у нас, при современном нашем аппарате, будет масса злоупотреблений истинно русского свойства» (4:378).
И. Сталин да улуттук маселелер боюнча сөздөрүндө, макалаларында эгерде этностун өз тилинде мектептери, соту, мамлекеттик органдары ж. б. институттары болбосо, советтик автономия жөнүндө сөз кылуунун да кажети жогун, анда ал эч кимге керексиз таштанды экенин белгилеген (5:117). Ал эми «Россиядагы элдердин укуктарынын Декларациясында» ага тоскоол болуп жаткан велиросстук шовинизм экенин көрсөткөн (5:47). Анын РКП (б) нын ХII сьездине даярдап, БК жактырган тезистеринде армян, осетин, аджарларга карата- грузин шовинизми, түркмөндөргө, кыргыздарга карата өзбек- шовинизми, армяндарга багытталган- азербайжан шовинизми бар экени айтылат (5:178).Аны азайтуу үчүн мамлекеттик жана партиялык органдардын аппараттарында, мекеме, ишканалардын административдик курамдарында жергиликтүү калктын өкүлдөрүн көбөйтүү керек деген жыйынтыкка келген. Кадрларды «жергиликтештирүү» (коренизация) саясаты ошондон келип чыккан. Советтик мезгилдин алгачкы жылдарында андай талаптар жетекчиликке алынган менен, тилекке каршы, кийин ал эстен чыга баштаган.
Буларга басым жасаганыбыздын себеби, Түркстанда гана эмес, жалпы Союздун аймагында этносторду сандарына, географиялык шарттарына жараша автономияларга, республикаларга, эң аздарын округдарга (алгачкы план коммуналарга) бөлүү саясаты мына ушундай жакшы максаттарды көздөгөн. «Политика царизма, политика помещиков и буржуазии по отношению к этим народам состояла в том, чтобы убить среди них зачатки всякой государственности, калечить их культуру, стеснять язык, держать их в невежестве и, наконец, по возможности руссифировать их, -деп айтылат РКП (б) нын Х сьездинин партиянын улуттук маселелердеги кезектеги милдеттери жөнүндө резолюциясында, …остается около 6 миллионов киргизов, башкир, чеченцев, южная часть Туркестана, осетин, ингушей, земли которых служили до последного времени обьектом колонизации со стороны русских переселенцев, успевших уже перехватить у них лучшие пахотные участки и систематически вытеснящих их в бесплодные пустыни» (19:33, 35).
Советтер менен большевиктердиин тирешүүсү
Бизде негедир, Октябрь десек-Ленинди, Ленин десек-Октябрды түшүнөбүз дегендей, большевиктер менен советтер дайыма максаттары бир болуп, эгиздей ээрчишип жүрүшкөн дегендей түшүнүк калыптанган. Чындыгында андай болгон эмес. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын негизги ураандары: жерлер- дыйкандарга, завод, фабрикалар- жумушчуларга, баардык бийлик- советтерге болгонун жакшы билебиз. Эсерлердин максаттары, ураандары деле мындан айрымаланган эмес. Бирок, 1917-жылдын февраль революциясынан кийин жаандан кийинки козу карындардай түзүлө баштаган советтер бир кылдуу, бир максаттуу болбогон, алардын көпчүлүгү эсерлерди (социал революционерлер) жакташкан, кадеттерге (конституциялык демократтар) ыктагандары да жетишерлик болгон. Ошондуктан советтердин сезилерлик бөлүгү Октябрь Революциясын тааныган да эмес, мыйзамсыз төңкөрүш катары эсептеген.
Ошол убакта Казакстандын түндүгүндөгү окуяларга аралашып жүргөн революционер, жарандык согуштун автивдүү катышуучусу, акын жана жазуучу, драматург Сакен Сайфуллин ал мезгилди төмөндөгүдөй сүрөттөгөн: «Характерной чертой этого периода было множество разных собраний и митингов. Словопрения вспыхивали ежедневно, чуть ли не через день переизбирались какие-нибудь комитеты и бюро.
Появились доморощенные ораторы, вожди-краснобаи, вылезающие на трибуну по любому поводу. Прежде ничем не отличающиеся незаметные люди яростно бросались в ораторские сражения, старались сказать свое слово кстати и некстати.
Бывшие приказчики, бакалейшики, спекулянты, учителя, технические работники, писаря, переводчики, мелкие чиновники, ветеринарные фельдшеры, врачи и прочие-все включились в борьбу, все спешили выступить в роли вождей от имени народа. Горожане Акмолинска разделились на группы. Русское казачество, мещане, мусульмане (татары и казахи), учителя, солдаты гарнизона и трудовой люд-каждая группа устраивала свои собрания обособленно. Выступавшие говорили много, сбивчиво, неопределенно, все плавали вокруг да около. Политического опыта не было, каждый толковал по-своему, поэтому спорили до бесконечности… ” (23:90—91).
Андай ар максаттарды, багыттарды карманган партиялардан, топтордон түзүлгөн советтердин жыйындарынын көпчүлүгү тирешүүлөр, жаңжалдар менен аяктоосу көндүм көрүнүштөргө айланган. Советтерде реалдуу бийлик болгон эмес, күч кимде болсо, чындык ошол тарапта дегендей, реалдуу бийлик солдаттарда, куралдуу жумушчуларда болгон. Алар өздөрүнө жакпаган советтерди курал жарактар менен опузалап, өз кызыкчылыктарына ылайык келген чечимдерди кабыл алдыртып, ага көнбөгөндөрүн күч менен кууп таркатып, алардын ордуна өздөрүн колдогон советтерди түзүп турушкан. Алсак, 1917-жылы 3-декабрда Ош горнизонунун солдаттары эсерлердин Оштогу советин күч менен таркатышып, бирок кайра эле ошолор шайланышкандыктан 1918-жылы январда дагы таркатышып, акыры большевиктердин советине айландырышкан (6:65).
Советтер Россияда 1917-жылы ноябрдын башталышында бийликке келген менен анын эң алыскы бурчтарынын бири болгон азыркы Кыргызстандын аймагында бир нече айга чейин реалдуу сезилген деле эмес. Бизде совет бийлиги 1918-1919-жылдарда киргизилген.1918-жылы Пишпек советинин жыйыны өткөрүлүп, анда биринчи жолу большевик Г. И. Швец-Базарный төрага болуп шайланат. Ага чейин Пишпектеги Советти эсерлердин өкүлү жетектеген. Ошол эле жылы февраль-мартта Пишпекте советтердин уезддик курултайы өткөрүлүп, анда башкаруу толугу менен жаңы бийликке өткөнү жарыяланган. Ага удаалаш апрель-сентябрда Нарында, Пржевальскийде, Токмокто советтерге жаңы шайлоолор өткөрүлгөн. 1918-жылдын күзүнө карата Кыргызстандын түндүгүндөгү уезддерде болуштук (волостный) 41, станицалык 4, кыштактык 119, айылдык 59 совет түзүлгөн. Ал мезгилди- түндүк Кыргызстандын социалисттик өзгөрүүлөргө багыт алган мезгили десе болот (16:8—9).
Ал эми большевиктик партиялык уюмдарды түзүү Кыргызстандын түштүгүнөн башталган. Алгач Сүлүктүдө 20 мүчөсү, 30 жактоочусу бар большевиктик уюм түзүлгөн. Андан кийин Кызыл-Кыяда, 1918-жылы февралда Пишпекте, мартта Ошто, июлда Токмокто, Пржевальскийде большевиктик уюмдар пайда болгон. Жыл аягына карата Пржевальскийдеги большевиктердин саны-560ка, Кызыл-Кыяда-456га, Ошто 100гө, ал эми Кыргызстандын түндүгүндөгү болуштук жана айылдык партуюмдардын саны 130га жеткен. 1920-жылдын аягына карата Кыргызстандын аймагындагы большевиктик партиялык уюмдардагы коммунисттердин саны 7662ни түзгөн (16:14).
Ревкомдук башкаруунун киргизилүүсү
Ошол эле мезгилде контрреволюциялык күчтөргө, басмачыларга каршы күрөшүп, Октябрь төңкөрүшүн коргоо, совет бийлигин чыңдап, чарбалык, маданий агартуу иштерин колго алуу үчүн оперативдүү чукул иштерди жүргүзө турган органды түзүү зарылчылыгы жаралган. Ал максатта жер жерлерде абсолюттук бийлик ээлери болгон ревкомдор түзүлгөн. Алсак, 1919-жылдын мартында- Ош уезддик ревкому, июнда-Фергана облревкому, декабрда-Жети-Суу облревкому, Пишпек, Пржевальский, Токмок уезддик ревкомдору түзүлүп, ал иштер жылдын акырына карата Кыргызстандын аймагындагы баардык уезддерде, болуштуктарда, көпчүлүк кыштактарда жана айылдарда аяктаган. Алсак,1920-жылы Пржевальский уездинде- болуштук 8, айылдык 71, Нарын уездинде-айылдык 17,Ошто-болуштук 15, айылдык 70 ревком болгон. Ошол жылдын аягында ревкомдордун функциялары аткаруу комитеттерине өткөрүлүп бериле баштаган. Ал максатта 1921-жылдын февралында Кыргызстандын аймагында советтерге шайлоолор башталган (16:12).
Түркстан аймагынын советтеринин 1918-жылы 30-апрелдеги сьездинде «Түркстан Советтик Социалисттик республикасы жөнүндө Жобо» кабыл алынып, анын аймагына жалпы Түркстан, Хива менен Бухара кирери, эң жогорку башкаруучу орган- советтердин сьезди, мыйзам чыгаруучу орган катары ал шайлаган- БАК (Борбордук Аткаруу Комитети), ал эми аткаруу бийлиги- Эл Комиссарлар Кеңеши болору аныкталган (7:49). Ал жободо автономия жөнүндө айтылбайт. Мындан совет бийлигинин башында тургандар алгач ТССРди түзүүнү гана көздөшкөнү, бирок кийинки саясый, этникалык процесстерден, өзгөчө географиялык, адам ресурстары жагынан өтө эле чоң болуп кетсе, ал кошумча маселелерди жаратпайбы деген кооптонуудан улам автономия деген түшүнүккө кайрылышканы көрүнүп турат. Ал И. Сталиндин 1919-жылы 12-февралдагы Түркстандагы партиялык уюмдарга жана совдептерге жөнөткөн циркулярдык катында «Освобождение народов Средней Азии и образование Түркстанской автономной советской социалистической республики» (7:129) деп биринчи ирет айтылат.
Негизинен Түркстандын аймагында жашаган элдер совет бийлигин расмий түрдө 1917-жылы ноябрда тааныган десе болот. Ташкентте 15-22-ноябрда советтердин Бүткүлтүркстандык 3-сьезди өткөрүлүп, анда көптөгөн талкуулардан кийин жаңы бийликти таануу боюнча чечим кабыл алынып, курамына 8 солчул эсер, 7 большевик кирген Түркстандын биринчи советтик өкмөтү түзүлгөн. Бирок, ага бир да мусулман кирбегендиктен эл арасында аябагандай чоң нааразылыкты жаратып, ага жооп катары бир айдан кийин мусулмандардын кезексиз IV курултайы өткөрүлүп, анда башында татар улутундагы Мустафа Чокаев турган Кокон Республикасы түзүлгөн. Алар өз алдынча бөлүнүп чыгып кетүүнү максат кылышкан эмес, жаңы мамлекеттердин конфедерациясынын бир мүчөсү болууну гана көздөшкөн. Бирок, аны кийинки жылы февралдын аягында кызыл аскерлер, Ташкент, Кызыл-Кыядан, Скобелевден (Фергана) барган жумушчулардын отряддары, армяндар талкалап жок кылышкан (6:119).
Андан кийинки эки жыл Түркстан аймагы үчүн саясый баш аламандыктардын, жарандык согуштун мезгили болгон. Басмачылык кыймыл күчөгөн, аны азыр айрымдар элдик көз карандысыздык кыймылына теңеп жүрүшөт, анда да чындыктын үлүшү бар, бирок аны жарандык согуштун бир формасы катары сыпаттаган туура болот деп ойлойбуз. Анткени, алардын иш аракеттеринде басып алып тартып алуулар, алгачкы мугалимдерди, паранжысын ыргыткан, мектепке барган кыз-келиндерди, коммунисттерди жана комсомолдорду өлтүрүү, ишканаларды кыйратып, элди талап тоноо сыяктуу ж. б. азыркы эмес, ошол убактагы да адеп-ахлактык сын-ченемдерге сыйышпаган көрүнүштөр көп болгон.
Басмачылардын борборлоштурулган жетекчилиги, саясый максаты, идеологиясы түгүл жөнөкөй эле тартип да болбогондуктан аймактык бирдиктүү күчкө айлана албаган, айрым корбашылар утурумдук локалдык колдоолорго ээ болуп, аскерлеринин сандары 3—3, 5 миңге чейин жеткен учурларда (Көр Шермат, Эргеш, Калкожо) бийлик, байлык талашуулардан улам ички тирешүүлөр, жаңжалдар көбөйүп, кайра бөлүнүп жарылып, а түгүл бири-бири менен касташып согушуп турушкан. Түркстан фронтунун командачысы М. В. Фрунзе, анын чалгындоо кызматтары, жергиликтүү жаңы бийликти колдогондор, партиялык жана комсомолдук активисттер да аларды бири-бирине кайраштырып, бириндетип талкалоо, алдоо саясатын жүргүзүшкөн.
ВЦИКтин Түркстан комиссиясынын ролу
В. Лениндин түздөн көрсөтмөсү, ВЦИКтин чечими менен 1919-жылы 8-октябрда совет бийлигинин улуттук саясатын жүргүзүү жана федералдык байланышты камсыз кылуу, аймактагы чарбалык иштерди жөнгө салуу үчүн Түркстан иштери боюнча өзгөчө ыйгарымдары бар убактылуу комиссия түзүлгөн (7:138—139). Курамына М. Фрунзе, В. Куйбышев, Я. Рудзутак, Ф. Голощекин, Г. И. Бокия кирген ал комиссияны В. И. Ленин менен И. Сталиндин жакын шакирттеринин бири, грузин Шалва Элиава жетектеген. Түркстан аймагынан бир да адам анын курамына кирген эмес. Буга ал убакта Орто Азияда толук саясый анархия өкүм сүрүп турганы себеп болгонбу же аймактан төбөсү көрүнгөн ылайыктуу саясый же мамлекеттик ишмер табылбаганбы, ал өзүнчө маселе. Биздин оюбузча, коммунисттердин формалдуулукту бекер карманышканын эске алганда, эгерде алар аз да болсо татыктуу деп эсептеген бирөө болсо, «тойдун генералындай» кылып да болсо комиссияга кошушмак.
Ошол убакта Орто Азияда 18 саясый партия иш жүргүзгөн, алар конструктивдүү идеяларды коомчулукка сунуштап, аларды аткарууга аракеттенге караганда убактыларынын көбү бири-бири менен кармашып, жаатташып тирешүүдө өткөн. Мында биз аздыр-көптүр кат-сабаты жоюлгандыгына байланыштуу саясый, башкаруу иштерине аралашкандар жөнүндө гана айтып жатабыз. Элдин басымдуу көпчүлүгүнүн саясый партиялар жөнүндө түшүнүктөрү деле болгон эмес. Ошондон улам бир адамдын эки партияга катар мүчө болуп жүргөнү же бир партияга киргенине ай айлана электе андан чыгып, башка партияга өтүп кеткени адаттагы көрүнүштөрдөн болгон. Ал убактагы андай көрүнүштөрдү элдин 90 пайыздан ашыгынын сабатсыздыгы, жалаң хандыктарда букара болуп келгендердин саясатка кызыгышпагандыгы менен түшүндүрөлү дейли. Бирок, ыгы келгенде айтпаса сөздүн атасы өлөт дегендей, элибиздин 99, 9 пайызы газета, китеп окуп, ар көчөдө бирден университет болуп турганда, ошол саясий анархиялык көрүнүштөр көз карандысыздыктан кийин андан бир нече эсе чоң масштабда толугу менен кайталанбадыбы! Каттоодон өткөн саясый партиялардын саны 200дөн ашты. Элдин бир бөлүгү үчүн партияларга кирип-чыгуу кафеге барып, андан ары ажатканага кайрыла кеткендей эле иш болуп калды. Тарых үйрөтөт, сабак берет дешет, бирок тарых деле аны жетиштүү билип, өздөштүрүп үйрөнүп, аны жаңы шарттарга жараша колдонууга аракеттендерге гана сабак берет, билбегенденби же менталитетибиз ошондойбу, айтор, кыргыздарга тарыхтын сабагы деле жукпайт окшойт.
Бул маселеге кийинки макалаларыбыздын биринде кеңирирээк токтолобуз, кайрадан өз темабызды улантсак, Өзгөчө Комиссиянын мамлекеттик жана партиялык уюмдардын иштерин текшерип-тескеп, жогорку органдардын токтомдорун, чечимдерин көзөмөлдөөгө, чукул конференцияларды жана сьезддерди чакырууга, зарыл учурларда аларды таркатып жиберүүгө укугу болгон (13:158). Анын эң таасирдүү мүчөсү, Түркстан фронтунун кол башчысы, жердешибиз М. В. Фрунзе болгон. Анын актарга, басмачыларга каршы күрөштө гана эмес, Түркстандагы элдерди ажырымдаштырып, өздөрүнүн мамлекеттигинин алгачкы формаларына ээ кылуудагы эмгеги да чоң. Андагыдай чукул кырдаалдарда кайсыл аймакта болбосун фронттун командачысынын позициясы чечүүчү аргумент болгону талашсыз. Мында кошумчалай кетчү нерсе, аны биз ушул эмгегибиздеги М. Фрунзеге арналган макалада ачып бергенге аракеттенебиз.
«С приездом Түркстанской комиссии ВЦИК совершенно по-новому пошла работа, -деп жазат ошол убактагы партиялык жана мамлекеттик ишмер, Өзбек ССРинин Эл Комиссарлар Кеңешин 13 жыл жетектеген (1924—1937) Файзулла Ходжаев, -Түрккомиссия уделила специальное внимание исправлению тех ошибок, которые были допущены в национальном вопросе. Борьба за правильное осуществление ленинской национальной политики, усиленное внимание к вопросам хозяйственного строительства сразу же дали прекрасные результаты; широкие массы трудящихся Туркестана сразу почувствовали всю разницу старого и нового руководства. Можно сказать прямо, что именно приезду Турккомиссии, результатом её деятельности мы обязаны тем, что все больше и больше трудящиеся массы коренных национальностей Средней Азии начали вовлекаться в советское государственное строительство. Было положено начало широкой коренизации всего советского и хозяйственного аппарата Советского Туркестана» (12:160). Андай жергиликтүү кадрлардын көпчүлүгү билимдери, даярдыктары жетишпегенден улам «тойдогу генералдардын» милдеттерин аткарышканы да чындык.
Орто Азияда коммунисттик идеологиянын классикалык вариантындагыдай күчтүү жумушчулар табы, аларды ырайымсыз эксплуатациялаган капиталисттер табы болгон эмес. Отурукташкандар социалдык абалдарына карабастан патриархалдык бирикме, маалелер формасында, ал эми көчмөндөр уруулук жана уруктук системада жашап, саясаттан, идея идеологиялардан топтук, уруулук-уруктук байланыштарын жогору койгондуктан жаңы идеяларды киргизүү аябагандай чоң кыйынчылыктарды жараткан. Башка партияларга, бирикмелерге кайрылбай эле, большевиктердин өздөрүнүн ичиндеги башаламандыктарды эле алсак, ошол убакта Түркстанда бири-бирине баш ийбеген, өздөрүн толук кандуу саясий субьект катары эсептеген: 1.РКП (б) нын Крайлык комитети, 2.Мусулман коммунисттердин уюмдарынын Крайлык бюросу, 3.Мурдагы аскер туткундарынын коммунисттеринин Крайлык комитети деген үч коммунисттик партия болгон (13:163). Мына ушундан эле элдин гана эмес, аны башкарып, жол көрсөткүлөрү келгендердин саясий деңгээлдери кандай болгону ачык көрүнүп турат.
Лениндин тапшырмасына ылайык, Өзгөчө комиссиянын биринчи милдети- жергиликтүү калктан аскердик отряддарды, жер-жерлерде милициялардын топторун түзүп, аларды басмачыларга каршы күрөшкө мобилизациялоо, тартиптин сакталышын камсыз кылуу, экинчиси, коммунисттик партияларды бириктирип, көз караштары жакын эсерлерди, кадеттерди өздөрүнө тартуу болгон. Аймакта нефти-газ кендерин чалгындап, табуу иштери үчүн барган атайын экспедицияга жардамдашуу, пахта, дан эгиндери сыяктуу стратегиялык мааниси бар продукцияларды өндүрүү, аскерлерди зарыл нерселер менен камсыз кылуу да комиссияга жүктөлгөн. Ал убакта большевиктерге караганда эл арасында кадеттердин, эсерлердин таасирлери күчтүү болгонун дагы бир жолу эске сала кеткибиз келет.
Бул милдеттерди Өзгөчө комиссия ийгиликтүү аткарган. М. Фрунзе Орто Азияга үч дивизия менен гана келсе, ал аны тез эле чоң армияга айландырган. Анын демилгеси менен ыктыярдуулардын А. Осмонбеков, К. Камчыбеков, Т. Эгембердиев, Ж. Саадаев, М. Масанчин, С. Күчүков, И. Токбаев жетектеген отряддары, дивизиондору түзүлүп, жергиликтүү элдерден кызыл армияга тартылгандардын саны 30 миңге жеткен. Басмачылыкка каршы күрөшкөндөрдүн мыктылары кийин Врангелдин аскерлерин талкалоого да катышкан. М. Фрунзенин кол башчылык, уюштургуч таланты гана эмес, дипломаттык жөндөмү да аябагандай чоң болгону ак аскерлер ээлеп алган жерлерде партизандардын отряддарын түзүп, Жети-Суудагы совет бийлигине каршы чыккан орус казактарды, Фергана өрөөнүндөгү басмачылардын башкы командачысы Мадамин бекти, Анжиандык корбашы Ахунжанды тынчтык жолу менен эпке келтиргенинен көрүнүп турат.
Комиссиянын жетекчилиги менен 1920-жылы 12-18-январда Ташкентте коммунисттердин интернационалдык конференциясы өткөрүлүп, анда комиссиянын мүчөлөрү аткарган иштери, аймактагы жалпы абал, жаңы бийликтин экономикалык, аскердик саясаттары жөнүндө баяндамаларды жасашкан. Конференцияда үч партияны бириктирип, бир коммунисттик партия түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган (13:173—174).
Комиссия Орто Азиядагы элдерди сандарына, географиялык шарттарына жараша ажырымдатып, бөлүү боюнча алгачкы документтерди даярдоону да жетектеген. Алардын канчасы ишке ашкан, канчасы кийин саясый процесстерге жараша өзгөрүүлөргө учураган, алар түгүл алиге чейин ал Комиссиянын ишинин позитивдүү иштери жана кемчиликтери изилденип, иликтенип талдана элек. Биздин оюбузча, жалпысынан Комиссиянын ишине оң баа берсе болот. Ал жергиликтүү айрым жетекчилердин Орто Азиядагы элдердин баарын бириктирип биротоло бирдиктүү Түрк Республикасын түзүү жөнүндө демилгесин токтоткон (14:406). Эгерде Т. Рыскулов, Ф. Ходжаев, Бех-Иванов сыяктуулардын сунуштары өтүп, туруктуу Түрк Республикасы түзүлсө кыргыз, тажик, кара калпак сыяктуу майда элдер өз алдыларынча тилин, маданиятын сактап калат беле же кыпчак, найман, коңурат сыяктуу этностордой чоң элдерге сиңишип жок болуп кетет беле, ал тууралуу азыр так айтуу кыйын. Сакталып калган күндө деле элибиз, аймагыбыз азыркыдай болмок эмес.
ВЦИКтин Түркстан боюнча Өзгөчө комиссиясы РКП (б) БКнын Түркстан боюнча боюнча Бюросу түзүлгөнгө чейин же 1920-жылдын августуна чейин иштеп, анан ыйгарымдарын легитимдүү партиялык, мамлекеттик органдарга өткөрүп берген. Бюро түзүлгөндөн кийин РКП (б) БКнын анын ишин координациялоочу туруктуу орган түзүү зарылдыгы жаралган. Бул тууралуу В. Ленин борбордук органдардын директиваларынын, декреттеринин, токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөчү туруктуу комиссия түзүүнү сунуш кылган. «Небходимо наличие в Түркстане постоянного органа- представительство ВЦИК, Совнаркома и ЦК РКП, на которых должно быть возложено… ” (7:124).
Өзгөчө ыйгарымдары бар убактылуу Комиссиянын тажрыйбасы кийин элдерди ажырымдаштырып, ревкомдорду түзүүдө пайдаланылган.
Бүткүлроссиялык Борбордук Аткаруу Комитети 1921-жылы 11-апрелде Сыр-Дарыя, Жети-Суу, Фергана, Самарканд облустарынын, РСФСРдин Закаспий, Аму-Дарыя облустарынын базасында РСФСРдин курамында автономиялык макамда Түркстан Советтик Социалисттик Республикасын түзүү жөнүндө Декретин жарыялаган. Ошол эле күнү ВЦИКтин Түркстан иштери боюнча убактылуу комиссиясы да түзүлгөн (7:138—139).
Мамлекеттигибиздин кайра жаралуусунун
башталышы
Лев Толстой жогору баалаган, АКШнын улуу ойчулу Ральф Эмерсон «Тарых» жөнүндө эссесинде: «Любому факту или явлению всегда предшествует мысль; все факты живут сначала в разуме…, — дейт… Каждая революция сначала зарождается как идея в сознании одного человека; но когда та же идея приходит в голову другому человеку, целая эпоха вступает в решающий период своего развития. Каждая реформа- поначалу лишь идея в сознании одного, когда же она становится идеей в сознании другого, еще одна извечная проблема находит свое разрешение» (8:109—110).
Элибиздин жаңы тарыхындагы мамлекеттигин негиздөөчүлөрүнүн кимисинин аң сезиминде алгач Кыргыз Автономдуу облусун түзүү жөнүндө идея жаралганын азыр так айтуу кыйын, бирок кошуна элдердин лидерлериндей эле, андай ойлор, идеялар кыргыздын алгачкы жетекчилеринде да аймактагы ошол мезгилдеги саясый, социалдык жана психологиялык жагдайларга жараша акырындап калыптанган деп ойлойбуз. Ага ВЦИКтин Декрети менен 1920 -жылы 25-августта Кыргыз (Казак) АССРинин түзүлгөнү түрткү бергени талашсыз. Декретте жаңы түзүлгөн АССРге акырындап аймактагы кыргыздарды өз ыктыярларынын негизинде кошуу да айтылган. Советтик мезгилде «ыктыярдуу» деген көп учурларда мажбурлоолорго айланып кетүүчү жагын эске алганда, кокус ички, сырткы күчтөрдүн таасири менен болуштуктардын же уезддердин бири Казак ССРине «ыктыярдуу» кошулары жөнүндө чечим кабыл алышса, ал артка кайткыс доминолук көрүнүшкө айланып кетүүсү мүмкүн эле. Анткени, ал убакта элдин бирин-экини эле кат тааныбаса, калганы сабатсыз, саясый процесстерге кайдыгер болгон. Анын үстүнө жаңы түзүлгөн республика Кыргыз АССРи деп аталса, андан кандай карапайым кыргыз баш тартмак? Бул өңүттөн алганда боордош казактардын жаңы тарыхтагы мамлекеттигинин Кыргыз АССРи деп аталганы кыргыздардын келечеги үчүн алгач өтө опурталдуу болгону талашсыз.
Андай коркунучту кыргыз окумалдарынын Алматыда, Ташкентте жооптуу кызматтарда иштеп жатышкан алдыңкы көз караштагылары дароо түшүнүп, алды-арттарын карабастан кыргыздардын өз алдынча эл катары сакталып калуусу үчүн иш-аракетти башташкан. Ж. Абдрахмановдун эскерүүсүнө ылайык, ал идеяны 1921-жылы майда Алма-Атага ВЦИКтин Түрк комиссиясынын жетекчилери Сафаров, Кожонов келгенде А. Сыдыков, Э. Арабаев үчөөсү ачык айтып чыгышкан. Кыргыздардын эл болуп сакталып калуусу үчүн биринчи кезекте, бири-бирине баш ийбеген төрт облустагы кыргыздарды административдик-аймактык жактан эң бери дегенде облустук макамдагы бир түзүмгө бириктирип, расмий деңгээлде тилдик, маданий, этнографиялык жана чарбалык жактан иденттүүлүктү жарыялап, башкаруунун ишенимдүү вертикалын түзүү керек эле. Антише албаса чыныгы кыргыздар жасалма кыргыздардын (казактардын) бир тайпасынын макамында кала берип, андан ары уруунун деңгээлине түшүп, биротоло казактарга сиңишип кетээрин жон терилери менен сезишкен. Негизги жетекчилерин казак жана өзбек улуттарынан чыккандар түзгөн Түркстан ССРринин жетекчилери Түркстанды экиге гана- Кыргыз (казак), Өзбек республикаларына бөлүп, калган этносторду өз курамдарында калтырууга аракеттенишкенин тарыхый документтер ырастайт. Алсак, РСДРП (б) нын Түркстан Бюросунун 1924-жылдын 10-мартында өткөрүлгөн кеңешмесинде 12 адам чыгып сүйлөсө, Э. Арабаевден башкасы Кара-Кыргыз Автономдуу облусунун түзүлүсүнө ачык эле каршы чыгышкан (24:361—363). ВЦИК, РСДРП (б) БК лениндик улуттар саясатын кыйшаюсуз аягына чыгарууну талап кылгандыктан улам гана алар өз позицияларын өзгөртүүгө аргасыз болушкан. Жаңы түзүлгөн КазССРдин жетекчилери Жети-Суу, Сыр-Дарыя облустарын толугу менен кошуп берүүнү талап кылганга өтүшкөн. Аны Түркстандан Казакстанды бөлүү боюнча комиссияны жетектеген Г. Бройдо колдогон. Мына ошол учурда Жети-Суу облусунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген А. Сыдыков, анын бир бөлүмүн жетектеген Э. Арабаев чыныгы кыргыздарга да өз алдынчалык берүү маселесин көтөрүп чыгышкан.
Советтердин 1922-жылдын мартындагы Бүткүлтүркстандык ХIII курултайында А. Сыдыков Түркстан Борбордук Аткаруу Комитетине Тоолуу Кыргыз облусун түзүү маселесин койгон. Анын андай демилгеси башка элдердин лидерлерине жаккан эмес. Курултайда ага каршы чыгышпаган менен ал аяктаар замат «мурдагы полицай» деген шылтоо менен аны партиядан чыгарып, 23-мартта Жети-Суу облаткомунун төрагалык кызматынан да бошотушкан. Бирок, А. Сыдыков аябагандай өжөр, кандай кырдаалдарда болбосун баштаганынан кайра тартпаган, оңой менен майтарылбаган, эр жүрөк адам болгон. Ал партиядан чыгарылып, кызматынан алынган менен ал көтөргөн маселе Курултайдын документтеринде «жактырууга ээ болду» деп катталып калгандыктан, анын негизинде Түркстан компартиясынын Борбордук Комитетинин секретариаты 1922-жылы 25-мартта Жети-Суу облусун райондоштуруу маселесин карап, «ТүркБАКтын Президиумуна Түркстан Республикасынын курамында Пишпек, Пржевальский, Нарын уезддеринин, Олуя-Ата уездинин тоолуу бөлүгүнүн базаларында Тоолуу облус түзүү жөнүндө декретти жарыялоону тапшырган. Ал убакта Фергана өрөөнүндө басмачылар, ар кандай кыймылдар менен айыгышкан күрөш жүрүп жаткандыктан ал жактагы кыргыздарды Тоолуу облуска кошуу маселеси кийинкиге калтырылган. Ошонун эртеси күнү 26-мартта Түрк БАКтын Президиуму «Тоолуу кара кыргыздар жашаган райондордун калкынан өзүнчө облусту түзүу жөнүндө» токтом кабыл алган. Облустун борбору катары Кочкор кыштагы тандалган. Ыгы келгенде кошумчалай кетсек, кийин облусту түзгүчө Токмокту, Ак-Сууну (Беловодское), же Жалал-Абадды борбор кылуу каралып келген. Борбор үчүн негизги талап, сын-ченем- темир жол байланышы болгон. Ал убакта республикадагы темир жолго кошулган жападан жалгыз шаар Жалал-Абад болгондуктан ККАОнун борбору катары алгач ага токтолушкан. Бирок, турак-жайлары, кеңселик имараттары өтө аз болгондугуна байланыштуу убактылуу борбор катары Пишпек тандалып, темир жол курулгандан кийин Жалал-Абад эстен чыгып, Пишпек биротоло борбор болуп калган.
1922-жылы 5-апрелде А. Сыдыков компартиянын Жети-Суу обкому менен облаткомунун биргелешкен жыйынында кара-кыргыздардын Тоолуу облусун түзүү боюнча уюштуруу комиссиясынын төрагасы болуп дайындалат. Кызматынан алынып, партиядан чыгарылгандыгына карабастан ал жооптуу кызматка дайындалуусу- анын облустун аймагында гана эмес, Түркстандын масштабында бедел-баркынын, таасиринин жогору болгонун айгинелейт. Комиссияга Э. Арабаев да мүчө болгон. Облусту эмне үчүн кара-кыргыздардын Тоолуу облусу деп атагылары келишкен? — деген суроо жаралат. Кыргыздар эч качан өздөрүн тарыхта «кара кыргыз» деп атаган эмес, «ак калпакчан кыргызбыз» дешкен. Мында «кыргыз» деген аталышты казактар убактылуу менчиктеп алышып, чыныгы кыргыздар алардын бир тайпасындай болуп калгандыктан өздөрүнө «кара» деген тиркемени кошууга аргасыз болушкандыгы көрүнүп турат. Демек, айрым орус тилдүүлөр колдонуп келишкендей, ал «дикокаменный» деген түшүнүктү билдирбейт. «Кара» деген сөздүн жыйырмага жакын мааниси бар. Алардын бири — чыныгы, нукура, таза дегенди билдирет. Маселен, Кыргызстанда, Кара-Суу деген жер-суу аттары көп. Ал суунун түсүнө карап эмес, тазалыгы үчүн коюлган аттар. Бул өңүттөн алганда кара кыргыз деген «чыныгы кыргыз» дегенди билдирген.
1922-жылы 31-майда Каракол, Нарын, Олуя-Ата уезддеринин делегаттары чогулушуп, Кара-Кыргыз Тоолуу облусун түзүүнү колдошот. Андан мурдараакта РКП (б) нын Пишпектеги партиялык уюмунун чогулушунун катышуучулары да ушундай чечим кабыл алышкан (11:20).
Жаңы облусту түзүү жөнүндө чечим эл тарабынан шайланган ыйгарымдуу өкүлдөр Курултайга чогулуп, талкуулап бекиткенден кийин гана күчүнө кирмек. Ошондуктан советтердин уезддик укук-ченемдеринин негизинде өкүлдөрдү шайлоону тездетүү каралган. Бирок, облустун аймагы, чек арасы, макамы боюнча Жети-Суу облусунун гана эмес, Түркстан республикасынын жетекчилигинде да бирдей пикир болгон эмес. Бири ага облустун аты айтып тургандай, Пишпекти, Ошту баш кылып, түздүктөрдү мурдагы облустарда калтырып, тоолордун арасындагы кыргыздар компактуу жашаган жерлерди гана кошкусу келсе, экинчилери кадрдык, экономикалык өз алдынчалыгы жок, азыркы райондордой административдик-аймактык түзүм катары, үчүнчүлөрү, административдик-аймактык экономикалык субьект катары гана көргүсү келген.
Түркстан компартиясынын Жети-Суу обкомунун 1922-жылдын 19-апрелиндеги жыйынында уюштуруу комиссиясынын төрагасы А. Сыдыков советтердин Курултайына даярдык көрүүнү тездетүү үчүн облустук убактылуу ревкомду түзүүнү сунуш кылган. Анткени, ревкомдун иши ЧКдай эле оперативдүүлүгү менен айрымаланган. Ал эми комиссия бир маселени чечүү үчүн аны адегенде өзү карап, анан обкомго жөнөтсө, обком, партиядагы демократиялык борборлоштуруу принцибине ылайык, Түркстан КП (б) БК менен макулдашмайынча өз алдынча андай маселени чече алмак эмес. Обкомдун андагы отурумунда А. Сыдыковдын апелляциялык арызы каралып, партияга кайра кабыл алынган, аны ТКПнын Көзөмөлдөө комиссиясы июлда бекиткен (6:127).
Мына ошондон тартып А. Сыдыков жана анын тарапкерлери жөн эле Тоолуу облусту эмес, Фергана өрөөнүндө кыргыздар компакттуу жашаган жерлерди да кошуп, Кара-Кыргыз Автономдуу облусун түзүү маселесин көтөрө башташкан. Анткени, Тоолуу облус дегендин өз алдынчалыгы жок, унитардык мамлекеттин бир субьектисиндей эле макамда болсо, «автономдуу» деген макам кошулса, ал белгилүү деңгээлде саясый, кадрдык жана чарбалык өз алдынчалыкка ээ кылмак. Андай өз алдынчалыкка жетишүүгө умтулуу Жети-Суу облусунун, Түркстан АССРинин казак, өзбек улутундагы жетекчилерине жакпаган. Теги Чымкенттик, ошол убакта ТКП (б) БКнын бюро мүчөсү жана үгүт жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы Ороз Жандосов, Каскелеңдик, ТүркБАКтын төрагасынын орун басары, чечендиги менен айрымаланган Султанбек Кожонов, ал эми Чүйдөн «Кошчу» уюмунун жетекчиси Рахманкул Худайкулов ал сунушка каршы чыгышкан. Казак изилдөөчүлөрүнүн айтымында, Кожон уулу Султанбектин казак мамлекетин түптөөдөгү ролу абдан чоң. Анын сунушу менен республиканын аталышындагы «кыргыз» деген сөз 1925-жылы «казак» деген сөзгө алмаштырылган. Анын Казакстанга Кара-Калпакстанды, Сыр-Дарыянын 3 уездин кошуудагы ролу да чоң болгон. Ороз Жандосов орусча мыкты сүйлөгөн, бир сьездде В. И. Лениндин мактоосуна да арзыган (9). Ал эми кыргыз, теги Кеминдик Р. Худайкулов ошол убактагы эң чоң коомдук, катарында 40 миңге жакын мүчөсү бар «Кошчу» уюмун жетектеген. Мына ушундан эле Тоолуу кыргыз облусун түзүүгө каршы тургандардын кандай чоң күч болгону көрүнүп турат.
О. Жандосов менен С. Кожонов- казактар, алардын аракеттери түшүнүктүү. «Ар ким өз табагына күл тартат» дегендей, алар КазССРдин жери, эли көп болушун каалашкан. Ал эми Кеминдик Р. Худайкулов аларга кошулуу менен кандай максатты көздөгөн?
Айрым булактарда анын түпкү теги казак, ал тукумдаштарына жакпаган иш жасап коюп, кыргыздардын арасына келип башпаанектеп калган Абланын урпактарынан болгон деп айтылат. Кыргызстандын биринчи президенти А. Акаев жөнүндө да андай сөздөр айтылып, жазылып келгенин билебиз. Айрым изилдөөчүлөр анын түпкү теги казак болгону үчүн Жандосов менен Кожоновду колдогон деп да жүрүшөт (6). Бирок, маалыматтарга ылайык, анын түпкү атасы ХV- ХVI кылымдардын тегерегинде качып келсе, андан 7—8 муун өткөндөн кийинки урпагын «казак» деген туура эмес деп ойлойбуз. Анткени, андан 1, 5—2 кылымдан кийин кыргыздарды чаап, бир бөлүгү Чүйдө, Көлдө ж. б. жерлерде калып калган калмактардын тукумдарынын басымдуу көпчүлүгү кыргыздарга аралашып, ассимиляцияланып, сиңип кыргыз болуп кетпедиби. Алардын арасынан улуттук маданиятыбыздын сыймыгы болгон адамдар чыкты. Алар өздөрүн эч качан калмак деп эсептешкен эмес. Анын үстүнө дүйнөлүк практикада ырасталгандай, инсандын биологиялык теги чечүүчү мааниге ээ эмес, инсан кайсыл тилде сүйлөсө, ойлонсо, жазса, маданиятын өздөштүрсө, ошол этноско таандык болуп калат. Алсак, классикалык орус адабиятынын мыкты өкүлдөрүнүн дээрлик баардыгынын эле түпкү тектери башка этностордон чыккан, бирок алардын баардыгы орус акыны, орус жазуучусу деп эсептелет.
Биздин оюбузча, ошол убактагы фактыларга караганда, Р. Худайкулов качанкы этникалык тегинен мурда башынан ашкан амбициясынан, демилгени атаандаштарына алдырып жибергиси келбегенден улам А. Сыдыковдун тобуна каршы чыккан десе туура болот. Андай фактылар 1920-1930-жылдардагыдан гана эмес, Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон кийинки саясый, маданий процесстерде деле негизги кыймылдаткыч күч болгонун өзүбүз деле көрдүк, күбө болдук.
Ал убакта улуттук маселелер боюнча РСДРПнын Бүткүлроссиялык VII сьездинде кабыл алынып, кийин РСФСРдин Эл Комиссарлар Совети жетекчиликке алган «Россия элдеринин укуктарынын Декларациясы», андагы «Право народов России на свободное самоопределение, вплоть до отделения и образования самостаятельного государства» деген Жобо жетектөөчү документ болгон (5:45). Ага акыл-эстүү, өзүн өзү сактоо инстинкти бар эч ким ачык каршы чыкмак эмес. Бирок, коммунисттик идеологияны кыйраткандар ага түз каршы чыгышпаган менен аны ишке ашыруудагы жаңылыштыктарга, мүчүлүштүктөргө, көбүнчө бурмалоолорго, обьективдүү жана субьективдүү жагдайларга басым жасоо аркылуу максаттарына жетишкендей эле, жогоруда аталгандар да; Тоолуу облусту түзгөнгө саясый, экономикалык жана социалдык шарттар ылайык келбейт. Ага аябагандай чоң суммадагы каражаттар керек, аны кайдан табабыз? Эл да даяр эмес, 1916-жылдагы окуялардан улам азыр жергиликтүүлөр менен славяндардын ортосунда душмандык маанай азая элек, кыргыздардын атынан сүйлөгөндөрдүн баары бай-манаптардын тукумдары, падышалык Россиянын жергиликтүү администрацияларында жол көрсөткүч, котормочу, болуш, айыл башчы ж. б. болуп кызмат кылгандар элдин эмес, өздөрүнүн Тоолуу облусун түзгөнү жатышат, кара кыргыздардын арасында башка улуттагылар да аз эмес, анда алардын тагдыры кандай болот? Анын үстүнө басмачылык да күчөп турат, мындай учурда шашкалаңдык кылуунун кажети жок, -деген аргументтерди жамынышкан.
Мында Рахманкул Худайкулов өзгөчө активдүүлүгүн көрсөткөн.
Ал 1922-жылы 29-декабрда РКП (б) БКга жиберген элдин атынан деп аталган докладдык катында жогоруда айтылган аргументтерден сырткары: «… образование особой Горной области из южной части Семиречья и 6 волостей Аулие-Атинского уезда Сыр-Дарьинской области, означает распыление, итак недостающих сил, оно сопряжено бесполезными тратами сил и громадными расходами… обьединяются 54 волостей, из них 19 являются совершенно разоренными в 1916-1917-гг., …отсутствуют необходимые помещения и постройки… Присоединение 6 волостей Аулие-Атинского уезда нецелобразно и ничем не оправдывается чисто по территориалным соображением-условиям. Между этими волостями и границей Семиреченской области имеется большой по своей занимаемой территории Меркенский район, населенный, главным образом, киргизами-кайсаками и русскими…. вся трудовая сознательная часть кара-киргизского населения энергично высказывается против образования этой области», -деген аргументтерди келтирген (10).
Адатта элдин атынан мамлекеттик эң жогорку органдардын жетекчилери гана сүйлөй алышат, коомдук уюмдардын жетекчилеринин ага укуктары жок, бирок, тилекке каршы, ал биздин улуттук өзгөчөлүгүбүз, анткени андай көрүнүш азыр деле жоюла элек. Аты болгон менен заты жок партиялардын лидер атпайлары азыр деле элдин атынан деп демагогияларын таңуулай беришет.
Белгилүү тарыхчылардын бири Р. Худайкуловдун эл атасы болуу дымагы болгон дейт. Мында, албетте, ал өз элинин өз алдынча бөлүнүп чыгуусуна каршы турса, анда эл атасы болуу дымагы кайдан оюна келмек эле? -деген суроо жаралат. Тескерисинче ал: «Нашим отцом является Алаш и поэтому не может быть разговора о различии между киргизами и казахами» деген позицияда турган (11:20). Ал эми Ж. Абдрахмановдун эскерүүлөрүнө ылайык, аны колдогон чыныгы кыргыздар деле жетишерлик болгон. Ойлоп көрүңүздөр, Р. Худайкулов катарында 40 миңге жакын мүчөсү бар, ошол мезгилдеги эң массалык коомдук уюм деп эсептелген «Кошчуну» жетектеп туруп, анда аны колдогон чоң топ болмоюнча Тоолуу облусту түзүүгө ачык каршы чыга алмак эмес. Ошондуктан Тоолуу облусту түзүүнүн душманы болгон деп жалгыз эле Р. Худайкуловду же анын жакын тилектеши Д. Бабахановду эле күнөөлөй берүү обьективдүү чындыкка ылайык келбейт. Бул өзүнчө кошумча иликтеп, талдоону талап кыла турган маселе.
Тоолуу автономдуу облусту түзүү аракеттери
Ошентип көптөгөн талаш тартыштардан, тирешүүлөрдөн кийин 1922-жылы 4-июнда Пишпекте кара кыргыздардын эмгекчилеринин өкүлдөрүнүн өз алдынча Тоолуу облусту түзүүгө даярдыктарды көрүү боюнча Курултайы ачылган. Ага 425 өкүл катышкан, Курултайды уюштуруу Комиссиясынын төрагасы Абдыкерим Сыдыков сөз сүйлөп ачкан. Күн тартибине киргизилген маселелерди (жети маселе) талкуулоого келгенде карама каршы позициялардагы тараптар кызууланышып, биринин сөзүн, аргументин экинчиси укпай жаакташып, саясый жарлыктарды тага мазактап шылдыңдашып, сүйлөгөндөрдүн сөздөрү көп учурларда ызы-чуулар жана ышкырыктар менен коштолуп, андай көрүнүштөр жакалашууларга, мушташууларга айланып кетип турган. Ал мезгилдер: эркиндик, боштондук ушундай болот экен деп түшүнгөн тажрыйбасыз бабаларыбыздын саясый балалык, романтикалык мезгили болгон, ыгы келгенде кошумчалай кетсек, курултайлардагы андай көрүнүштөр 1930-жылдарга чейин улантылган. А. Сыдыков тараптагылар Р. Худайкуловду сабашып, О. Жандосовду Курултайдан кууп чыгышкан. Жети-Суу облусунун администрациясынан келген О. Жандосов баштаган өкүлдөр Курултайды башкара албай калганын түшүнгөндө алдасташып, анын ишин токтотуу жөнүндө буйрук чыгаргыла деп Ташкентке үстөккө-босток телеграммаларды жөнөтүп, акырында бул курултай «кеңешүүчү» деген макамда калат дешип Алматыга кетип калышкан (6:135).Эгерде биримдик болсо, алар качып кетишкенден кийин даярдык көрүүчү Курултайды иштин жүрүшүндө Уюштуруучу деп таап, жетекчи органдарын шайлашса деле болмок. Бирок биримдиктин же азыркыча айтканда, консенсустун жоктугунан 10-июнда А. Сыдыков жетектеген Уюштуруу бюросунун отуруму өткөрүлүп, жакынкы айларда Кара-Кыргыз Тоолуу облусун түзүү боюнча Уюштуруу Курултайын чакыруу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Кара-Кыргыз Тоолуу облусун түзүү боюнча даярдык көрүү Курултайын өткөрүүнү чын эле РКП (б) БК, ВЦИК билбегенби, же аны жаманатты кылуу максатында бирөө телеграмма жөнөткөнбү (ТКП БК маалымат иретинде билдириши да ыктымал), же алды аркаларын карабай өз алдынча болгусу келгендерди сестендирип, эстерине келтирүү максатындабы, айтор, Курултай аяктагандан кийин 13-июнда И. Сталинден БКнын Түрбюросуна: «Июндун башталышында Жети-Суу облусунун аймагынан Кара-Кыргыз Тоолуу облусун бөлүп чыгаруу боюнча сьезд өткөрүлдү. Бизге келген телеграммада ВЦИК жана РКП (Б) БК ага санкция берген деп айтылат. Сьездге ким уруксат бергенин, ким уюштурганын, сьезддин кандай өткөнүн билдирүүңүздөрдү суранабыз» деген телеграмма келет (6:138).
Эгерде БКнын Түркбюросу аны убагында ВЦИКке, РКП (б) БКга билдирбесе, ал чындыгында аябагандай чоң ката кетирген. Анткени, Федералдык Республикада жаңы дагы бир субьект жаралганы жатканын анын жетекчилери милдеттүү түрдө билиши, жок дегенде кабардар болушу керек эле. Алдын ала макулдашылып, ВЦИКтен же РКП (б) БКдан өкүл келип катышса, Курултайдын таасири, бедел-аброю жана легитимдүүлүгү гана артмак. Бирок, ал убакта төмөндөгүлөрдүн эмне кылып жатканын-жогорудагылар, жогорудагылардыкын -төмөндөгүлөр билбей калган же түшүнбөгөн анархия өкүм сүрүп турган. «Мы пришли к такому положению, когда существующий порядок отношений между центром и окраинами, т. е. отстутствие всякого порядка и полный хаос, становятся нестерпыми, создают конфликты, обиды и раздражение, превращают в фикцию т. н. единое федеративное народное хозяйство, тормозят и парализируют всякую хозяйственную деятельность в общероссийском масштабе, -деп мүнөздөгөн И. Сталин ал мезгилди 1922-жылы 22-сентябрда В. И. Ленинге жазган катында. Одно из двух: либо действительная независимость и тогда -невмешательство центра… Формально решения СНК, СТО и ВЦИК РСФСР необязательны для независимых республик, причем эти учреждения сплошь и рядом отменяют постановления центральных учреждений независимых республик, что вызывают протесты последних против „незаконных действий“ центральных учреждений Москвы». Андан ары ал аймактардагы органдардын чечимдерин Москва жокко чыгарса, ал жер-жерлердеги коммунисттер жана партияда жоктор нааразы болушуп, аны алдамчылык жана эки жүздүүлүк катары кабылдашып жатканын белгилеп, «… если теперь же не заменим формальную (фиктивную) независимость формальной же (и вместе с тем реальной) автономией, то через год будет несравненно труднее отстоять фактическое единство советских республик» деп жыйынтык чыгарып, Грузиянын БКси РКП (б) БКнын макулдугусуз англо-француздардын капиталынын эсебинен Тифлисте оттоман банкынын бөлүмүн ачканын мисалга келтирет (21:198—199).
Мындан көрүнүп тургандай, В. И. Ленин жаңыдан түзүлүп жаткан республикалардын бөлүнүп чыгып кетүүгө чейинки толук өз алдынчалыгын жактаса (Х. Г. Раковский колдогон), И. Сталин алар реалдуу автономиялык укукта гана болушу керек, антпесе биримдикти сактоого мүмкүн эмес деген позицияда турган. Ал өз позициясын 1922-жылы 27-декабрда В. И. Ленинге жана Саясий Бюронун мүчөлөрүнө жөнөткөн катында дагы бир жолу кайталаган (21:208). РСФСР менен көз карандысыз республикалардын ортосундагы мамилелер боюнча ал даярдаган документтердин баардыгында «формальное вступление» «формальное распространение компетенции» деген сөздөр көп кайталанат. Ошол убактагы эң таасирдүү жетекчилердин бири, Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасынын орун басары Л. Б. Каменев 1922-жылы 27-сентябрда В. И. Ленинге жазган катында «По-моему или не трогать совсем вопроса о „независимости“ (что, видимо, уже невозможно), или провести Союз так, чтобы максимально сохранить формальную независимость, т. е. приблизительно по приложенной схеме» деп, армия, темир жолдор, магистралдык жолдор, почта, тышкы иштер, тышкы соода түздөн түз Союздун гана компетенциясында болушу керек деген сунуш киргизген (21:206—207). Анын сунушун А. И. Рыков колдогон. В. И. Ленин «формальное обьединение» дегенди «вступление» деген сөз менен алмаштырууну талап кылган.
В. И. Ленин өлгөндөн кийин аймактарда улуттук-мамлекеттик түзүмдүк ажырымдаштыруу процесси тездеп, нын И. Сталин менен Л. Каменевдин варианты боюнча ишке ашырылуусу ушуну менен түшүндүрүлөт. Алардын позицияларына ылайык, өз алдынча бөлүнүп чыгып кетүүгө чейинки көз карандысыздык деген практикалык жактан ишке ашкыс пропагандалык гана формула болгон.
Биз мамлекеттигибиздин жаңы этабынын мына ошондой татаал мезгилдерде, толгоо тарткан энедей кыйналып, кээде чер токойдон жол издеген адамдай адашып, жаңылышып, ашыкча түйшүк-мээнеттерге, сыноолорго туш болуп жүрүп жаралганын элестүү көрсөтүү үчүн гана жогорудагыларды келтирип жатабыз. Бирөөлөргө жагабы же жакпайбы, бул ошол мезгилдерде анархия менен чектешкен демократия болгонун да көрсөтөт. Азыр супер демократиялуу делген ФРГнын же АКШнын бир субьектисиндеги элдин бир бөлүгүнүн андай чараларга барарын элестете аласызбы? Андай анархиялык демократия Тоолуу облустун түзүлүшүн жактагандарда да, ага категориялуу түрдө каршы чыккандарда да эйфориялык маанайдагы эркиндик сезимин гана жараткан.
И. Сталиндин телеграммасынан кийин Тоолуу облусту түзүү процесси кайра артка кеткен. ТКП БКнын айрым жетекчилери адегенде Тоолуу облустун түзүлүшүнө лоялдуу же кайдыгер болушса, телеграммадан кийин өз позицияларынан кайтып, Москвага актанган мүнөздөгү телеграммаларды жөнөтүшүп, Курултайга шайлангандардын тектерин текшертип, мыйзамдуулугуна шек келтиргенге өтүшкөн. Р. Худайкулов жыйындарда А. Сыдыковчуларга мурдагыдан да тажаал жалааларды жаап, улуттук маселелерди да таптык күрөштүн негизинде чечүү керек, «бөлүнгүчтөр» эзүүчү таптын кызыкчылыгын көздөгөн облус түзгөнү жатышат деп кыйкырып чыккан. Анын таасиринен улам жер-жерлердеги айрым партиялык уюмдар жана советтер да мурдагы позицияларынан кайта башташкан. Ар кандай кызматтарда турган А. Сыдыковчулардын көбүнө партиялык, административдик жазалар берилип, кызматтарынан алынып, айрымдары партиядан да чыгарылган. Алардын баарын санап чыгуу да кыйын. Бир сөз менен айтканда, Түркстанда саясый турмуш шакардай кайнап турган.
Мына ошол мезгилде Абдыкерим Сыдыков чыныгы майтарылбас духун, мекенчилдигин көрсөткөн. Ошол убактагы, андан кийинки мезгилдердеги иш-аракеттерине караганда, ал кандай чоң кызматтарды беришсе да ага алданбаган, жабышпаган, мансап үчүн өз идеалын сатпаган, чын-чынына келгенде ага чындап көңүл да бурбаган, кандай кыйынчылыктарга тушукса да андан кайтпаган тобокелчил инсан болгон. Элестүү айтканда, жыгылган сайын күрөшкө тойбой кайра алдыга умтулуп турган. Ж. Абдрахманов кара-кыргыздар менен кара-калпактарды бириктирип, чоң автономияны түзүүнү да сунуш кылган. Кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратканын Түркстандын гана эмес, ВЦИКтин, РКП (б) БКнын жетекчилери да түшүнүшкөндө Борбордук Азиядагы элдерди ажырымдаштырууну Москва өз колуна алган.
Ажырымдашуу процессинин тездеши
Аймактагылар үчүн 1924-жылдын саясий турмушу январда советтердин Бүткүлтүркстандык ХII сьезди менен башталган. Анда кара-кыргыздардан шайланган, Нарын уездинен -Абаев, Баялинов, Каракол уездинен- Абдрахманов, Ачекеев, Тойчинов, Ош уездинен- Иманкожоев, Карабеков, Төлөнов, Оморбеков, Наманган уездинен- Ботбаев, Салихов, Мамбеталиев, Анжиан уездинен-Кулбосунов, Сарыбаев, Олуя-Ата уездинен- Абланов, Бабажанов, Маймылов, Токбаев, Пишпек уездинен- Айдарбеков, Садаев РКП (б) БКга, СССР БАКинин Улуттар Кеңешине кайрылуусунда өзбектер менен кайсак-кыргыздардын арасындагы жалпы саны миллионго жеткен кара кыргыздардын кызыкчылыктары таптакыр эске алынбай, тилдери, жашоо образдары окшош болгондуктан ал кайсак-кыргыздардын бир бөлүгү катары каралып, башкаруунун уезддик аппараттарын түзүүдө өгөйлөнүп, тилин, маданиятын өнүктүрүүгө көңүл бурулбай жаткандыгы айтылып: 1. Кара кыргыздарды башкалардай эле өзүнчө эл катары таанууну, 2. Түркстандагы башкаруу органдарында алардан өкүлдөрдү көбөйтүүнү, 3. Кара кыргыздардын тилин, маданиятын өнүктүрүп, окуу китептерин чыгарууга жетиштүү каражат бөлүүнү талап кылышкан (11:29—30).
Бул кат ВЦИК менен РКП (б) БКнын Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүү боюнча оң пикирге келишинде чоң роль ойногон. Анткени, алгач казактар, анан өзбектер кыргыздарды өз аймактарында, курамдарында калтыргылары келгени Түркстан КП (б) БК менен Түркстан БАКинин Президиумунун 1924-жылы 10-мартта өткөрүлгөн биргелешкен кеңешмесинде Түркстан КП (б) БКнын катчысы, Реввоенсоветтин мүчөсү, РКП (б) БКнын Орто Азиядагы улуттарды ажырымдаштыруу боюнча комиссиясынын мүчөсү, Өзбектер боюнча комиссиянын төрагасы Абдулло Рахимбаевдин баяндамасынан ачык көрүнөт. Ал өз баяндамасында айрым кыргыз жана түркмөн кызматкерлеринин сепаратисттик аракеттери партиялык жана мамлекеттик иштерге терс таасирин тийгизип жатат деп айыптаган (11:31). Ал улуттардын ичинде эзүүчү таптагылар менен эзилгендердин ортосунда күрөш күчөгөндө гана улуттарды ажырымдаштыру максатына жетет, андай күрөш жок болсо, өзүн актабайт деген жыйынтык чыгарган. Ал эми уруу-уруктук системада жашаган кыргыздардын арасында таптык күрөш деген түшүнүк болгон эмес.
Кеңешмеде сүйлөгөндөрдүн Э. Арабаевден башкасы аны колдошкон. Кеңешме курамында Тажик автономиясы менен Өзбек Республикасын жана Түркмөн Республикасын түзүп, казактар жашаган облустарды жана райондорду Казак Республикасына өткөрүп берип, анын ичинде кара кыргыздардын автономиясын камсыз кылуу жөнүндө чечим кабыл алган (11:33). Бул маселелерди дыкат тактап-тастыктап, үйрөнүп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Ошол эле жылы апрелде РКП (б) БКнын Саясий Бюросу Орто Азия элдеринен келген сунуштарды карап Бухара менен Хорезмди ажырымдаштырууну жактырган. Ал эми 11-майда РКП (б) БКнын Орто Азия бюросунда бул маселе боюнча комиссиянын жана подкомиссиялардын сунуштары каралып, алгач Өзбек жана Түркмөн республикаларын түзүү, Өзбекстандын курамында автономдуу Тажик облусун түзүү боюнча чечим кабыл алынган. Анда жетиштүү үйрөнүлө электигине байланыштуу Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүү кийинкиге калтырылган.
Ал документти жана жаңыдан даярдалгандарды РКП (б) БКнын Орто-Азия бюросу 1924-жылдын 11-майындагы отурумунда карап, жогоруда аталган республикалардын курамдарында Кара-Кыргыз жана Тажик автономдуу облустарын түзүү жөнүндө чечим кабыл алган.
Андан көп өтпөй же 2-июнда аталган Бюро РКП (б) БКнын Саясий Бюросунун өз чечиминен кескин айрымаланган же кара-кыргыздардын автономдуу облусун түзүп, аны түздөн түз РСФСРге баш ийдирүү жөнүндө токтомунун долбоорун карап, Орто Азиядагы элдерди ажырымдаштыруу боюнча башка маселелер менен бирге ага макулдугун берген. Компартиядагы демократиялык борборлоштуруунун принциптерине ылайык, аймактык Бюро Борбордук Комитеттин Саясий Бюросунун токтомунун долбоорун четке какмак түгүл, принципиалдуу өзгөртүүлөрдү киргизе да алмак эмес. Тарыхчы Г. Жунушалиева туура белгилегендей (11:32), эгерде 1922-жылы Тоолуу облусту түзүүгө негизинен казак улутундагы жетекчилер каршы чыгышса, 1924-жылы Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүүгө өзбек улутундагы жетекчилер каршы турушкандыгына карабастан РКП (б) БКнын Саясий Бюросу Кара-Кыргыз облусун түзүп, аны түз РСФСРге баш ийдирүүнү биротоло чечкен десек болот. Мындан ККАОнун түзүлүшүндө Москванын позициясы чечүүчү роль ойногону көрүнүп турат.
1924-жылы 12-июнда РКП (б) БКнын Саясий Бюросу «Орто Азия республикаларын улуттук ажырымдаштыруу (Түркстан, Бухара, Хорезм) жөнүндө» токтом чыгарган, анын негизинде улуттук ажырымдашуу боюнча Борбордук аймактык комиссия түзүлгөн. Анын курамына кыргыздардан Ж. Абдрахманов, И. Айдарбеков кирген. Ал убакта А. Сыдыков дагы партиядан чыгарылып, куугунтукта жүргөндүктөн комиссиянын курамына кошулбай калган. Ошол эле жылы 15-16-сентябрда Түркстан АССРинин БАКинин кезексиз сессиясында улуттук мамлекеттик-ажырымдаштыруу жөнүндө маселе каралып, кара-кыргыздардын суроо талаптары боюнча аларга Түркстан АССРинин курамынан чыгып, өзүнчө Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүүгө укук берүү жөнүндө токтом кабыл алынган (3:129).
Советтик мезгилде мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин принципиалдуу чечимдеринин долбоорлорунун алдын ала жогорку партиялык органдарда каралып жактырылуусу же акыркы электен өткөрүлүүсү норма болгон. РКП (б) БКнын Саясый Бюросу 1924-жылдын 11-октябрындагы отурумунда бул маселени акыркы жолу талкуулап, тийиштүү документтерди карап чыккандан кийин Орто Азиядагы элдерди улуттук-мамлекеттик ажырымдаштыруу тууралуу чечим кабыл алган.
Андан үч күндөн кийин Советтердин Бүткүлсоюздук Борбордук Аткаруу Комитетинин 2-сессиясы ТүркБАКинин улуттук-мамлекеттик ажырымдаштыруу жөнүндө токтомун карап, башка элдерди ажырымдаштыруу маселеси менен бирге Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүп, аны түз РСФСРдин курамына киргизүү боюнча чечим кабыл алган. Ошентип кыргыздардын гана эмес, жалпы Орто Азиядагы элдердин кылымдардан берки үмүт-тилектери, Октябрь революциясынан кийинки суроо талаптары 1924-жылы 14-октябрда ишке ашкан.
Ал эми 1924-жылы 7-ноябрда биринчи саны жарык көргөн «Эркин тоо» гезитиндеги «Эл хам сарамжалы» деген макалада ККАОнун демографиялык, социалдык жана экономикалык абалы төмөндөгүдөй сыпатталган. Макаладан үзүндүнүн орфографиялык, грамматикалык өзгөчөлүктөрү ошондогудай сакталып берилет: «Бүткүл облустун жери 195800 чарчы чакырымга туура келиб ар чарчы чакырымда 4 жан турат. Калкы: 790122 киши мунун 504858 кыргыз, 118170 өзбек, 133123 орус, 1986, 65 түркмөн хам калганы ар түрдүү калктар (түрүк, уйгур, татар, дунган, сарт, калмак, кыпчак, казак ж. б.)
Малдар: (20-жылдагы эсеби боюнча). Жылкы 205 миң, кара мал 316 миң, төө 20 миң, эчки 182 миң, доңуз 36 миң (европалык кожолуктарында), эшек 6 миң. Аштыктар: сугарылган жерлерде буудай, арпа, сулу, болуб 102 миң, теше күрүч 6 миң, апийим, жүгөрү, конок 19 миң, пахта 10 миң, беде 19 миң теше. Сугарылган жерлерде хам түрдү эгиндер 49 миң теше бары сугарылган. Сугарылбаган эгиндиктер 250 миң теше. Эскертү: бул сандардын барысы чамалап алынган. Бул жерлердин байлыгы тоонун эчен түрдүү кендери: алтын, күмүш, темир, жез, асыл таштар, күкүрт жана таш көмүр, керосин майлары“ (22). Ал эми саясый, психологиялык абал, кыргыздар, милдеттер төмөнкүдөй сыпатталат: „Саконго белгилүү мурун өзбек, казак, тажик, кыргыз, түркмөн журттарынын сайасы турмуштары бир казанда кайноочу эле. Эми хар өз казанын кандай кайната турганын өзү текшере турган болду. Кыргыз калкы эрктүү облус болорун болду. Биздин сайасы чарбачылыгы, агарту иштер биздин жетишкен кем кетиги чийки чарасы чачтан көб. Башка улуттарга караганда биздин кыргыз калкы караңгылыгы, надандыгы, билимсиздиги калыб эмес, маселен: биздин коңшубуз өзбек калкы мурун да азыр да маданият жагынан көб жогору турат.
Мына, бул кемчиликтерди эске алыб, кечиктирбей увактын өткөрбөй чарасына киришиб камын көрүү эң чоң бурч» (22). Мында автор «бурч» деген сөз менен милдет дегенди айткысы келсе керек.
Тарыхчылар айрым маселелер боюнча кайчылаш көз караштарын айтып келишет, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш, бирок бир маселе боюнча баардыгынын позициялары, көз караштары бирдей, алар: Кара-Кыргыз облусунун Кара-Калпак автономдуу облусундай Өзбекстандын курамында калтырылбай, алгач Кыргыз (казак) ССРине, анан Өзбек республикасына кошулбай түздөн түз РСФСРдин курамына киргизилүүсү кийин элибиздин өз алдынча мамлекет болуп кетүүсүн, экономикалык, социалдык жана маданий жактардан салыштырмалуу тез өнүгүүсүн шарттаган чоң жеңиш болгон деп эсептешет. Анткени, РСФСРдин курамында болбосок, кийин АССРге, анан ССРге айланып барып, Союз таркаганда автоматтык түрдө өз алдынча мамлекет болуп кете алмак эмеспиз. Бизге жергиликтүү «ака, нагаштарыбыз» бөлүнүп чыгып кеткенге мүмкүнчүлүк беришмек эмес. Кара-Калпакстандай, Кавказдагы автономдуу республикалардай бир кошунабыздын курамында калмакпыз.
Экинчи жагынан, РСФСРге кошулгандан кийин Москвадан каражаттар ортомчусуз түз бөлүнө баштаган. Ошол убакта ККАОнун жылдык бюджетинин 97 пайызга жакыны РСФСРдин эсебинен берилип турган (18:23). Же аздыр-көптүр бутубузга тургуча толугу менен эле Россия баккан. 1921-1924-жылдары өнөр жайды өнүктүргөнгө 1525 миң рубль бөлүнсө, андан үч жылдан кийин анын көлөмү дээрлик он эсеге көбөйгөн (18:22). Жер-жерлерде ликбездер, шаарларда мугалимдерди даярдоочу курстар ачылып, улуттук кадрлар үчүн атайын орто жана жогорку окуу жайларынан квоталар бөлүнгөн. Маселен,1925-1927-жылдары борбордук жогорку окуу жайларына Кыргызстандан 728 улан-кыз жөнөтүлсө, алардын 331ри кыргыз болгон (18:62).
Совет бийлиги 1916-жылдагы көтөрүлүштөн кийин Кытайга качкан кыргыздарды кайра кайтарып, мурдагы жерлерин алып берүү, отурукташтыруу, билимге, илимге тартуу, басмачылар талкалагандарды калыбына келтирүү, өнөр жайын ж. б. өнүктүрүү үчүн ири суммалардагы каражаттарды жумшаган. Кытайда ар кандай себептер менен барымталарда калган кыргыздарды сатып алып, ата мекенине кайтаруу үчүн каражаттар бөлүнгөн. Жалпысынан кыргындан качкандарды кайтарып, жайгаштыруу үчүн 70 миллион рублге жакын каражат жумшалган. Мындай жакшылыктарды унутканды, бурмалаганды тарых деле, кудай деле кечирбейт болуш керек.
Булар Давид Будянскийдин эмгегинде (25) жетишерлик чагылдырылган. РКП (б) БКнын 1924-жылдын 18-октябрындагы токтому менен ККАОнун тунгуч саясий бийлиги- башында М. Д. Каменский, Ж. Абдрахманов турган, курамында 13 мүчөсү бар облустун убактылуу партиялык бюросу түзүлгөн. Андан үч күндөн кийин же 21-октябрда РСФСРдин ВЦИКинин Президиумунун чечими менен ККАОнун Ревкому бекитилген. Жетекчиси И. Айдарбеков болгон, курамына 17 адам кирген. Ал укуктук жактан ККАОдогу убактылуу эң жогорку мамлекеттик орган катары эсептелген. Айрымдар аны БАКка теңештирип, И. Айдарбековду Кыргызстандын биринчи президенти деп жүрүшөт. Жөнөкөй адамдар же тууган туушкандары ошентишсе эч нерсе дебейт элек, ар ким өзүнө жакынды даңазалагысы, аны менен сыймыктангысы келет. Бирок, наамдуу, даражалуу илимпоздордун антип жазып жүрүшкөнү уят, чындыкка ылайык келбейт (15:141), алардын илимпоздук беделдерине, компетенттүүлүктөрүнө гана шек келтирет. Ревкомду убактылуу өкмөт деген туура болот. Анткени, Ревком облбюронун көзөмөлүндө турган, бюро тапшырмаларды берген. И. Айдарбеков өзү облбюронун мүчөсү болгон. Экинчи жагынан эл же легитимдүү орган тарабынан шайланбаганды президент деп атаган өтө эле апырткандык болуп кетет. Бул жагынан алганда тарыхчы А. Джуманалиев Ревкомду Кыргызстандын биринчи өкмөтү деп туура атаган (3:133). Облбюронун да, Ревкомдун да миссиясы советтердин шайлоолорун, андан кийин алардын Бүткүлкыргыздык уюштуруу сьездин өткөрүп, автономдуу облустун легитимдүү башкаруу органдарын, партиялык уюмун түзүп, ыйгарымдарын аларга өткөрүп берүү менен гана чектелген.
Ал убакта «Кошчу» уюмунун жетекчиси Р. Худайкуловдун позициясы чындыгында күчтүү болгон. Ал партиянын облБюросунун, Ревкомдун курамдарына да кирген. «Түркстандагы кошчулар уюмунун курулушу 1920-жылдан баштапб жылдан жылга жармыналы түшүб төрөлүб келе жаткандыгы бешиктен белгилүү, — деп жазган ал 1924-жылы 7-ноябрда „Эркин тоо“ гезитинин №1-санындагы „Кыргыз кошчу уйуму“ (мында макаланын орфографиялык өзгөчөлүктөрү сакталды) деген макаласында. -Кыргыз ичиндеги кошчу уйумунун мүчөлөрүнүн жалпы саны 60,000 алардан 2,000 батырак» (22).
Мындан көрүнүп тургандай, эгерде мурдагы «Букарадан» чыккан, кедей-кембагалдардын бирикмеси деп эсептелген «Кошчунун» мүчөлөрүнүн үчтөн бири гана эзилүүчү делген таптын өкүлдөрүнөн болсо, бай-манаптардын тобу деп эсептелген А. Сыдыков, Ж. Абдрахманов, Э. Арабаев үчөөсү жетектеген топтун мүчөлөрүнүн дээрлик баардыгынын пролетариаттык-дыйкандар союзуна тиешеси болбогону көрүнүп турат. Бул ошол мезгилдин реалийлери. Сабатсыз калк саясий, башкаруу иштерине инфантилдүү, кайдыгер болсо, аздыр-көптүр билимдери бар, мурда башкаруу иштерине аралашкандардан башка саясатка ким аралашат? Ал убакта колунда барлардын балдары гана кат-сабаттарын жоюшуп, башкаруу иштерине, негизинен канцелярдык жумуштарга тартылган.
Көз карандысыздыктан кийин Кыргызстандын 1920-1930-жылдардагы тарыхына кайрылганда 5 айдай гана иштеген Ревкомго, советтердин курултайларына, ал түзгөн Борбордук Аткаруу Комитетинин иштерине негизги басым жасалып, облустук партиялык уюмдун мамлекеттикти калыптандырып бекемдөө боюнча күндөлүк иштери, конференция, пленумдарында караган маселелери көңүлдүн сыртында калууда. Көпчүлүк тарыхый монографияларды, илимий-популярдуу эмгектерди, айрым тарыхый инсандарга арналган китептерди окусаңыз, баардык маселелерди Ревком, БАК, а түгүл ал шайлап, дайындаган эл комиссарлары гана чечишкендей таасир калтырат. Андай болгон эмес. Негизги маселелер алгач облустук Бюродо, андан кийинки убактарда облпарткомитетте каралып, жактырылгандан кийин Курултайга, БАКтын сессияларына алынып чыгылган. ОблБюронун жетекчиси М.Д.Каменский Ревкомго мүчө болгон, жалпысынан Ревкомдогулардын баардыгы большевиктик партиянын мүчөлөрү болушкан. Ревком ККАОнун советтеринин Уюштуруу Курултайын алгач 17-мартка дайындап, анан 23-мартта 25-мартка жылдырып, ага да үлгүрбөгөндө 27-мартка которгондугунун себеби, биринчи кезекте облпартконференцияны өткөрүү, анда негизги түзүмдөрдү аныктап, жетекчи кадрларды тандоо себеп болгон. Качан облпартиялык уюм 1925-жылдын мартынын экинчи жармында өз конференциясын аяктагандан кийин гана советтердин уюштуруу Курултайына жол ачылган (17:11).ККАОнун БАКинин Курултайда шайланган мүчөлөрү облпартиялык уюмдун жетекчилиги тарабынан тандалып, биринчи сессиясында М. Д. Каменский анын төрагалыгына Абдыкадыр Орозбековду сунуш кылган. Советтердин уюштуруу курултайына 136 делегат шайланса, алардын 15нен башкасы компартиянын мүчөлөрү жана мүчөлүккө талапкерлер, комсомолдун мүчөлөрү, ал эми жалпы делегаттардын төрттөн бири жарандык жана басмачыларга каршы согуштарда совет бийлигин коргогондор болушкан (17:12). Же Курултайдын курамы дээрлик толугу менен партиянын мүчөлөрүнөн туруп, анын көзөмөлүндө болгон.
Биздин мында айтайын дегенибиз, облпартуюмдун жетектөөчү жана багыттоочу ролун төмөндөтүп, Ревкомду, БАКинин ордуларын, ролдорун ашкере жогорулата берүү тарыхый чындыкка жакындабайт. Биздин оюбузча, илимий эмгек жаратам дегендин алдында бир гана максат болушу керек, ал- чындыкты гана аныктоо. Бул жагынан табийгый илимдердики жеңилирээк, бир материалдын же көрүнүштүн негизги сапаттары такталып-тастыкталып, мыйзам ченемдүүлүгү аныкталдыбы, аны дагы жаңы ачылыш болгуча эч ким бурмалай да, өзгөртө да албайт. Ал эми гуманитардык илимдерде, өзгөчө тарыхта көркөм чыгармаларга мүнөздүү вымысел, замысел, фантазия сыяктуулар деле кеңири колдонула берет. Биздин оюбузча, билишинче, акыбалы жетишинче фактыларды, окуяларды калыс обьективдүү чагылдырбаса, учурдагы саясий коньюнктуралык жагдайларга, бирөөлөрдү
